Ипатия-(б.з. 370-ж.-б.з. 415-ж.)-математик, астроном, философ, адамзат тарыхындагы биринчи илимпоз айым.

Өмүр баяны түзөтүү

Александриялык философ жана математик Теондун кызы болгон. Александриия музейинде сабак берген атасынын аркасынан чечендикке үйрөнгөн.

Билими түзөтүү

Ал убактын агартуу денгээли жогору деп эсептелген Афинадан билим алган.

Эмгектери түзөтүү

Платон менен Аристотельдин эмгектерин изилдеген. Астрономиялык таблицаларды, Аполлонийдин эмгектерине жана Диофанттын арифметикасына түшүндүрмө жазып чыккын.Күндүн, жылдыздын жана планеталардын абалын аныктоо үчүн планисфера сыяктуу астрономиялык приборду ойлоп тапкан.

Өлүмү түзөтүү

Христиан дининин келиши Ипатиянын трагедиялуу өлүмүнө себепкер болгон. Ипатиянын башкы душманы археопископ Кирилл ага "сыйкырчы" деген жалаа жапкан. 415-жылы динчилер Ипатияны христиан храмына киргизип, кийимин тытып, курч ракушкалардын сыныгы менен денесин тыткылап, калдыктарын өртөшкөн. Ипатия акылмандуулугу, даанышмандыгы жана сулуулугу үчүн жапа чеккен.

Колдонулган адабият түзөтүү

Шоокум журналы №3 20-март 2008-жыл.