Гипоксия - (гипо... жана латынча oxygenium – кычкылтек), кычкылтек жетишсиздиги – организмдин ткандарында кычкылтек жетишпегенден пайда болгон абалы. Ал катуу кармаган жана өнөкөт болуп бөлүнөт. Катуу кармаган гипоксия кан көп кеткенде, миокарддын инфарктында, ис урганда пайда болуп, борбордук нерв системасынын жогорку бөлүктөрүнүн функциясы жабыркайт. Өнөкөт гипоксия жүрөк кемтигинде, кардиосклероздо, ткандарды кан менен жабдуу начарлаганда болуп, жүрөк-кан тамыр, дем алуу системалары жана кан пайда болуу жабыркайт. Ал абада кычкылтек жетишсиз болгон учурда (мисалы, бийик тоого чыкканда (түтөк), шахтада, суу астындагы кайыкта иштегендерде ж. б. пайда болот. Ошондой эле дем алуу жолун бөтөн нерсе бүтөп калганда, бронх астмасында, өпкө ооруларында болушу мүмкүн. Нерв системасы кычкылтектин жетишсиздигин өтө тез сезет. Анда организмдин клетка, ткандарында зат алмашуу өзгөрөт, жүрөк иши начарлап, тез согуп, баш ооруйт, ал кетет, булчуңдар чымырап ооруйт; баш айланып, көңүл караңгылайт, кулак тунуп, уйку качат, демигет, муздак тер басат, кол, бут муздайт, эстен танат ж. б. Алдын алууда аны пайда кылган негизги себептерин жок кылуу, кычкылтек жетишсиздиктен болгон гипоксияда жабыркаган кишини таза абага чыгаруу, кычкылтек менен дем алдыруу керек. Гипоксия бийик тоо шартына байланыштуу пайда болсо, организмди алдын ала машыгуудан өткөрүү зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү