Глауконит, главконит (грекче glaukjs – көк жашыл) – гидрослюдалар тобундагы минерал; темирдин суулуу алюмосиликаты. Химиялык формуласы (K, Na, Ca)(Fe3+, Mg, Fe2+, Al)2[(Al, Si) Si3O10](OH)2 H2O. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү жашыл, саргыч жашыл, кээде түссүз. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2–3; тыгыздыгы 2,2–2,9 г/см2. Морт глауконит негизинен деңиз түбүндө пайда болгон чөкмө тоо тектерде (акиташтеги, кумдук, алевролит ылай ж. б.) кезигет. Сууну өзүнө сиңирип жана катион алмаша ала тургандыктан, глауконит туздуу сууларды тазартууда, курамында калий арбын болгондуктан, жер семирткич катары жана жашыл боёк даярдоодо колдонулат.

Глауконит.

Колдонулган адабияттар түзөтүү