Гликозиддеруглеводдорд туундулары. Мол-нын гликозиддик бөлүгү агликон деп аталган орг. бирикмелер радикалдары менен кычкылтек, күкүрт жана азот атомдору аркылуу байланышкан. Ошол байланыштарына жараша О-, S- жана N- гликозиддерге бөлүнөт. Гликозил калдыгы менен агликон ортосундагы байланыш гликозиддик байланыш деп аталат. Агликон радикалы менен байланышкан көмүртек a- же b-конфигурациясына жараша a- жана b-гликозид деп аталат. Г. синтездөө ыкмасы канттар жана алардын туундулары гликозиддик борборунда нуклеофилдик орун алмашууга негизделген. К-талар жана ферменттер таасири менен Г. кантка жана агликонго ажырайт. Г. ферменттер менен гидролизи кайталанма реакция. Г. ажырашына таасир эткен ферменттер, ошол эле Г. синтезделишине алып келет, б. а. теңдештик пайда болот. Гликозид + фермент  «кант + агликон Г. өсүмдүктөр дүйнөсүндө кеңири таралган, жаратылышта көбүнчө b-гликозид көп кездешет. Табигый Г. түзүлүшү татаал. Алар көбүнчө гүлдөргө, мөмө жемиштерге түс берип турган боёк заттар. Г. биологиялык активдүү зат болгондуктан, мед-да жана биол-да кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү