Глюк Кристоф Виллибальд - (2. 7. 1714, Бавария, Эрасбах – 15. 11. 1787, Вена) – австриялык композитор, музыкалык классизмдин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. 107 операнын автору. Анын «Орфей жана Эвридика» (1762), «Альцеста» (1767), «Парис жана Елена» (1770), «Ифигения Авлидде» (1774), «Армида» (1777), «Ифигения Тавридде» (1779) чыгармалары опера-серияны түп тамырынан өзгөртүүдө жана операнын жаңы түрүн түзүүдө тарыхый роль ойногон. Ал Л. Керубининин, Л. Бетховендин, кийин Г. Берлиоздун, Ф. Листтин, айрыкча Р. Вагнердин чыгармачылыгына таасир эткен. Г. көп кырдуу таланттуу музыкант болгон. Ал бир нече музыкалык аспаптарда ойногон, ырдаган, балет өнөрүнүн өзгөчөлүгүн жакшы билген. Вена балетмейстери менен бирге бир нече хореографиялык драмаларды койгон. Ошондой эле көрүнүктүү опера дирижёру да болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү