Гнейс - (немецче Gneis – чирик) – метаморфизм тоо теги; массивдүү, көбүнчө жол-жол болгон гранитоид курамындагы кристаллдык сланец. Гнейс көбүнчө талаа шпатынан, аз өлчөмдө кварц, биотит, мусковит, амфибол, пироксен, гранат, силлиманит ж. б. минералдардан турат. Тыгыздыгы 2500–2900 кг/м3. Гнейске бири бирине жарыш жана жука кат-кат болгон текстура мүнөздүү. Гнейс жаратылышта, айрыкча байыркы тоо тектердин арасында көп таралган. Алар ортогнейстер жана парагнейстер болуп бөлүнөт. Биринчиси жанартоо тектердин (кычкыл жана орточо курамдагы эффузивдер менен алардын туфтары), экинчиси чөкмө тоо тектердин метаморфизм процесстеринин натыйжасында өзгөрүшүнөн пайда болот. Гнейстер курулуш материалы катары пайдаланылат. Айрым жердеги гнейстерде графит кендери кезигет.

Гнейс (Кытай).

Колдонулган адабияттар түзөтүү