Гобелен (французча: gobelin) – Париждеги гобелендик деп аталган мануфактурада дубалдарды кооздоо үчүн даярдалган жогорку көркөмдүк сапаттагы, кол менен токулган француз килеми. Көрүнүктүү Париж Г. XVII кылымда ири сүрөт­чүлөрдүн сүрөттөрү (картондор) боюнча иштелип чыккан жана татаал көп фигуралуу композицияларды чагылдырышкан. Г-нын мыкты көргөзмөсү Ленинграддагы мамл. Эрмитажда сакталган. Кеңири мааниде – өндүрүлгөн мезгили, орду, мүнө­зүнө карабастан, жогорку көркөм сапаттагы жана көбүнчө, татаал көркөм сүрөттөр түшүрүлүп согулган бардык килемдер, материалдар Г. аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү