Говор, (айтым) – жалпы элдик тилдин же диалектинин ичиндеги белгилүү бир аймакка тараган тилдик өзгөчөлүк. Ал өзгөчөлүктөр тилдин фонетикасынан, грамматикасынан, лексикасынан байкалат. Кыргыз тилинде Ысык-Көл, Талас,Тянь-Шань, Чүй жана ичкилик (түш. кыргыздарда) жана башка говорлору бар. Говорго адабий тилдин эрежелерине туура келбеген грамматикалык, тыбыштык же лексикалык өзгөчөлүктөр мүнөздүү келет; 2) коомдун белгилүү бир социалдык катмарына тиешелүү тилдик өзгөчөлүк.

Талас говору

Тапанча — көмөч казандын наны; Текмат — кайыш кур; Бостек — көлдөлөң; Чермий — чыптама; Тыбыт — майдын чөбөгөсү; Чайанчы — балчы; Мамадана — чоң кишидей сүйлөгөн жаш бала. Шалдама — этти, күлчөтайды майдалап туурап, пияз жана башканы кошуп аралаштырган тамак; Дагыра, чылапчын — илеген (Ысык-Көл), таштек (Нарын).

Ысык-Көл говору

Конок — жүгөрү; Бадыбот — кесе; Нарын говору Чөмөлөк — туткалуу идиш; Тогон, тогоон — платина; Доол — мөндүр; Бортоной — өпкө кап, өпкө тон;

Чүй говору

Чомпуш — билими жок, караңгы, түшүнүгү аз киши; Ойбут — эки жагы бийик, ортосу чуңкур келген жер; Доңго — аттын бутуна балчык же башка нерсенин туруп калышы; Чертмек — комуз. senkan

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия:2-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1