Гольдбах көйгөйү ― сандар теориясынын маанилүү көйгөйлөрүнүн бири.

Гольдбах көйгөйүндө 5 жана андан чоң ар кандай так санды үч жөнөкөй сандын суммасы, ал эми 4 жана андан чоң ар кандай жуп санды эки жөнөкөй сандын суммасы түрүндө көрсөтүүгө мүмкүн экендигин далилдөөгө боло тургандыгы айтылган.

Айрым учурда Гольдбах—Эйлер көйгөйү деп да аталат. 1742-ж. Петербург ИА-нын акад. X. Гольдбахтын (1690-— 1764) Эйлерге жазган катында Гольдбах көйгөйү айтылып, Эйлер өзүнүн жообунда Гольдбах көйгөйүнүн жуп сандар үчүн туура экендигин билдирген. Гольдбах көйгөйүнүн чечүүдөгү алгачкы кадам Л. Г. Шнирельманга (1930) таешелүү. Гольдбах көйгөйү үчүн так сандар акад. И. М. Виноградов (1937) тарабынан чечилген.

Булактар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.