Гольф – табигый аянтта топ жана атайын чапкыч (бандал) менен ойнолуучу спорт оюну. Оюндун максаты чапкыч менен топту эң аз санда чаап чуңкурчага киргизүү болуп саналат. Оюндун эрежесинде топту эки чабуу, үч чабуу, төрт чабуу, эки жолку топ, үч жолку топ, төрт жолку топ, ошондой эле чуңкурчага жана эсепке ойноо деген түрлөрү бар. Анда оюнчу чуңкурчага канча топ түшүрө алды же болбосо бир айланганда топту канча жолу чапты, ошого жараша жеңишке ээ болот. Бул оюн о. кылымда Данияда пайда болуп, кийин Англияга тараган. Гольф азыркы учурда көптөгөн өлкөлөрдө (АКШ, Улуу Британия, Австралия, Япония, Корея ж. б.) ойнолууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү