Гонадотроптук гормондор

Гонадотроптук гормондоромурткалуулардын жыныс бездеринин эндокриндик функциясын жөнгө салуучу гормондор. Буларды аденогипофиз жана айбандардын чөбү бөлүп чыгарат. Ургаачыларда Г. г. жумурткалыгын жетилишине, овуляцияга жана эстрогендердин секрецияларына көмөк берет. Эркектерде сперматогенездин күчөшүнө, тестостерондун секрециясына көмөк берет. Сүт эмүүчүлөрдө гипофиздин Г. г. тобуна кирүүчү пролактин гормону сүттү канаттууларда (көгүчкөндөрдө) «богок сүтүн» бөлүп чыгарууга көмөк берип турат. Ал эми амфибияларда ушул эле гормон – пролактин теринин суу өткөргүч жөндөмдүүлүгүн күчөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү