Хоңкоң атайын административдик аймагы, кыт. улут. 香港特別行政區, 香港特别行政区, Xiānggǎng Tèbié Xíngzhèngqū, англ. Hong Kong Special Administrative Region) - Азия жана дүйнөдөгү алдынкы каржы борбордун бири. Кытай эл Республикасынын курамына кирет.

Хоңкоң атайын административдик аймагы
кыт. улут. 香港特別行政區, жең.
香港特别行政区
, пиньинь:
Xiānggǎng Tèbié Xíngzhèngqū

англ. Hong Kong Special Administrative Region

Герб
Туу Герб
Мамлекеттик Гимни
Расмий тили кытайча ,
Англисче
Борбор шаары жок
Ири шаарлар Хоңкоң
Башкы министр
Администрация
Лян Чжэньин
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
182 - дүйнөдө
1 104 км²
4,6
Калкы
• Бааланган (2013)
Жыштыгы

7 182 724[1][2] адам (99)
6480 ад./км²
АДӨИ ( 2013) Өтө жогору (15)
Акча бирдиги Хоңкоң доллары
(HKD, код 344)
Домени .hk
ISO коду HK
ЭОК коду HKG
Телефон коду +852 (Макаодон — 01)
Убакыт аралыгы UTC +8

Хоңкоң Көлүнүн жарым аралчасында (полуостров) жана 260 ашык кичи аралдарда жайгашып Батыш, Чыгыш, Түштүк тараптардан Түштүк-Кытай деңизи менен капталып турат.Хоңкоң аймагын мындан бир жарым кылым мурун Улуу Британиянын тышкы иштер министри (лорд Палмерстон) «эч ким жашай алгыс жер» деп белгилесе, Виктория ханыша «эч кимге кереги жок аскалар» деп жар салган. Бүгүнкү күнү өзгөчө тарыхы бар бул аралдар дүркүрөгөн өнүгүүсү менен мактана алат. «Чыгыш менен Батышты жолуктурган» Хоңкоң дүйнөдөгү суктандырган шаарлардын сап башында.

Кечки Хоңкоң

Кызыктуу маалыматтар түзөтүү

  • Жеки Чандан тышкары белгилүү Голливуд жылдыздары Брюс Ли , Чоу Юньфат дал ушул жерде жарыкка келишкен.
  • Жашоочулар «жыттуу жайда жашайбыз» (тарыхка кайрылсак, аралга келген эӊ алгачкы көпөстөр экзотикалык жыттуу чөп-чарларды алып-сатышчу) деп белгилешет.
  • «Hong Kong» сөзүн кытай тилинен (кантон диалекти)которгондо «жыпар жыттуу жай, жер» (гавань) дегенди билдирет.
  • Жашоо узактыгы боюнча дүйнөдө биринчи орунда. Эркектер орто эсеп менен 79 жаш, ал эми аялдардыкы 84 жашты түзөт.
  • Асман тиреген имараттардын жалпы саны 8 миӊден ашат.
  • Британиянын издери дагы деле бар. Эки кабаттуу автобустар жана эӊ көп Rolls-Royce унаа ээлери дал ушул шаарда.
  • Кытай акчасы юань кээ бир жерлеринде гана кабыл алынат. Ал эми Хоңкоң акчасы – Хоңкоң доллары Кытай жергесинде жараксыз.
  • 2014-жылы «зонтиктер революциясы» болуп өткөн. Борбордук өкмөттүн Хоңкоңдогу шайлоо системинин өзгөртүүсүнө нааразы болгон жергиликтүү эл бийликке каршы чыгышкан.

Өнүгүү жолу түзөтүү

Өнүгүү жолу

XX кылымдын ортосунда Хоңкоң бир калыпта өнүгүүсүнүн себеби: согуштун бүтүшү менен арзан жумушчулардын келиши, батыш капиталдарынын инвестициялары жана Кореядагы согуштун айынан Кытайдын сырткы дүйнө менен байланышынын үзүлүшү. Мунун баары Хоңкоңдун өнүгүшүнө өбөлгө түзүп берет. Арзан жумушчулар, демек, өндүрүмдүн өздүк наркы да арзан болуп, жогорку атаандаштыкты түзө алган. Мындан сырткары ал кездеги Кытайдын башчысы Мао Цзэдундун акылмандыгы менен Британия менен жакшы мамиледе болушу өзүнчө сөзгө татыйт. Ал дүркүрөп өнүгүп келе жаткан хоңкоңго көз артса да, бир күнү бул аймак тынчтык жолу менен Кытайга өтөрүнө көзү жетип турган. Өз кезегинде Англия да токтоо саясат жүргүзгөн. 1980-жылдары хоңкоңдун экономикалык өсүшү Англияны басып өтөт. Хоңкоң дүйнө жүзүнө эл аралык финансылык жана тейлөө көрсөтүү борбору катары тааныла баштайт

Экспорт бейиши

Азиядагы 4 ажыдаардын бири болгон Хоңкоң бизнес кылуу үчүн эӊ ыӊгайлуу жер. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, ички дүӊ өндүрүм киши башына 38 127 АКШ долларын (бул көрсөткүч менен Кытайдын эӊ бай шаары эсептелинет) түзөт. Хоңкоң экономикасы эл аралык соода-сатыктан көз каранды. Жаратылыш ресурстары дээрлик жок болгондуктан керектүү азык-түлүк, сырьёлор, таза суу сырттан алынып келинет. Анын аймагында 50 миӊден ашуун завод-фабрикалар, 250дөй банктар жайгашкан. Хоңкоң ири порт катары «экспорт бейиши» (текстиль, кийим-кече, электрондук шаймандар, оюнчуктар жана башкалар экспорттолот) наамын алып келет. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча инвестициялардын өлчөмү 111 миллиард АКШ долларын түзгөн. Бир кездери жараксыз деп табылган жердин ири финансылык жана сервис борборуна айланышы капитализмдин жетишкендиги десек болчудай.

Географиясы түзөтүү

Климаты түзөтүү

Административдик бөлүнүшү түзөтүү

 

Хоңкоңду 18 район толуктайт: 1. Борбордук жана Батыш, 2. Ваньчай, 3. Чыгыш, 4. Түштүк, 5. Яучимвон, 6. Самсёйпоу, 7. Коулун-Сити, 8. Вонтайсинь, 9. Куньтон, 10. Кхуайчхин, 11. Чхюньвань, 12. Тхюньмунь, 13. , 14. Түндүк, 15. Тайпоу, 16. Сатхинь, 17. Сайкун, 18. Айлендс.

Хоңкоң 18 райондон турат :

Транспортту түзөтүү

Тарыхы түзөтүү

1842-1997 жылдары Гонконг Улуу Британиянын колониясы болгон. Андан соң Гонконг Кытай Эл Республикасынын курамына Атайын Административдик Аймак катары кирген. Кытай-Британ келишими жана Гонконг Негизги Мыйзамы боюнча Кытай аймакка кенен өз эрктик (автономия) 2047-жылына чейин камсыздаланат.

Чырдын башы – апийим

Гонконг географиялык жайгашуусуна байланыштуу өз башынан татаал күндөрдү кечирген. Бул аймак Түштүк Кытай деӊизинин түштүк-чыгыш жээгинде орун алып, Кытай менен чектешет. Эзелки убактан бери чыгыш менен батышты байланыштырган ыӊгайлуу жерге XVI кылымдан тарта европалык көпөстөр келе баштаган. Индияда өндүрүлгөн апийимди биринчи болуп Улуу Британия Гонконгго 1773-жылы ташып келет. Гонконг баӊгизат ташыган жолго айланган. Жергиликтүү калктын апийимге берилишине каршы туруу үчүн кытай бийлиги Лондонго каршы турат. 1840-жылы башталган апийим согушунда алда качан өнүккөн британдыктар бул аралдарды бат эле багынтып, Гонконгду жанындагы 262 аралдары менен кошо 99 жыл ээликке Кытайдан ижарага алат. Улуу Британия Гонконгду басып албаганда, бул аралдардын бүгүнкүдөй деӊгээлге жетиши күмөн жаратат. Себеби бул аймактын кийинки өнүгүшү англиялыктар менен тыгыз байланышта. Ошол кезде Улуу Британия дайындаган губернатор демократиялык саясат жүргүзүп, жашоо деӊгээлин кыйла жакшырткан. Аз убакыттын ичинде Азиядагы эӊ чоӊ портко айланып, XIX кылымда эле Гонконг эӊ өнүккөн Британ колониясы аталат. Биринчи дүйнөлүк согуш убагында Гонконгдо улуттук кытай бизнеси түптөлөт. Камсыздоочу компаниялар, кеме салуучу ишканалар, банктар жана башка финансылык компаниялар ачыла баштайт.

Согуш аралыгында

Экинчи дүйнөлүк согуш бул аралдар үчүн өз залакасын тийгизбей койбойт. Анткени коӊшу өлкө Япония бул согушта «негизги каармандын» бири эле. Жыйынтыгында 1941-жылы Гонконг Японияга багынат. Япониянын кысым көрсөтүүсүнөн улам экономика бир кыйла артка кетип, ачкачылык башталат. Япондордун согушта жеӊилиши менен Гонконг кайрадан талашка түшөт. Кытайдагы жарандык согуштун башталышы менен Британия кайрадан Гонконгду 50 жыл карамагына алат. Бул аралдагы жашоо калыпка келип, кытай эли көп санда отурукташа баштайт. Себеби саламаттыкты сактоо, окуу, дегеле элдин жашоо шарты Улуу Британияныкындай жүрүп, Кытайдан салыштырмалуу бир топ алдыга кеткен эле. Кытайда социализм жүрсө, бул жакта капиталисттик режим өкүм сүргөн.

Жаңы мезгил Улуу Британиянын Гонконгго болгон 99 жылдык ижара мезгили бүтө баштагандан тарта ал кездеги Британия премьер-министри Маргарет Тэтчер менен Кытай лидери Дэн Сяопиндин ортосунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «бир мамлекет – эки систем» (Кытай жана Англия системдеринин айкалышуусу) концепциясы менен Гонконгдун автономия катары 1997-жылы 1-июлда Кытайдын карамагына өтүүсү тууралуу жарыяланат. Эми 2047-жылга чейин Гонконг автономия катары саналып, аны менен бирге бардык мыйзам жана аткаруу системдери, сот, полиция жана акча системи мурдагы бойдон калат. Бир гана сырткы саясат жана коргоо маселелери Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеӊешинде каралат. Чындыгында, Кытайга кошулуу жолу оор болгон. Себеби Кытайга өтүү менен Гонконгдогу демократиялык саясат бузулат деген коркунуч туулган. Бул убакта 100 миӊден ашуун либерал гонконгдуктар чет жактарга көчүшсө, калгандары британ паспортун ала башташкан. Мындагы кезек чакырымдап созулган. Бирок ал кездеги губернатор Крис Паттен жигердүү саясий реформа жасап, Гонконг элине ишенимди алып келет. Учурда Гонконгду 2012-жылы дайындалган Лян Чжэньин башкарып келет.

Маданияты түзөтүү

Калкы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Census.gov. Country Rank. Countries and Areas Ranked by Population: 2013. U.S. Department of Commerce (2013). Текшерилген күнү 9 -май (бугу) 2013. Түп булактан архивделген күнү 9 -май (бугу) 2013.
  2. Population and Vital Events. Census and Statistics Department, Hong Kong Government (2010). Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2011. Түп булактан архивделген күнү 21 -август (баш оона) 2011.