Горчица - кайчы гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк.

Sinapis alba.

Европада, Түндүк Африкада, Азияда Sinapis уруусунун көбүнчө бир, сейрегирээк коп жылдык түрү таралган. Көбүнчө гүлү сары, жемиши саадактуу, өтөр чөп түрүндө. Уругу күрөң же каралжын, ал эгилме өсүмдүктөрдүн үрөнүн булгап, 10 жылга чейин өнүмдүүлүгун жоготпойт. Горчицанын Brassica уруусундагы бир жылдык 3 түрү эгилет. Алар Европада, Азияда, Америкада, Африкада кездешет.

Горчица уругунан май алуу үчүн өстүрүлүп, нан бышыруу, кондитер, консерва жана парфюмерия өнөр жайында пайдаланылат; эфир майы медицинада колдонулат.

Горчица күкүмүнөн горчичник жана тамак-аш горчицасы даярдалат. Ак Горчицаны саадак байлаганга чейин мал оттойт. Горчицанын бардык түрүнүн гүлү ширелүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.