Граувакка (нем. grau — боз жана Wacke — чонолуу тоо тектин бир түрү) — цементтик материалдын басымдуулугу менен мүнөздөлүп, ар түрдүү чокмо жана интрузия, эффузив, метаморфизм тоо тектеринин майда сыныкчаларынан түзүлгөн чөкмө тоо тек.

Өңү каралжын боз, кара же кочкул жашыл. Сыныкчалары кырдуу жо бир аз гана жумуруланып, начар сорттолгон. Граувакка геосинклиналь аймактарына гана мүнөздүү. Мында байыркы тоо тектерден турган ички көтөрүлүүлөрдүн талкаланды материалдары тез топтолуп, Граувакканын калың катмарлары пайда болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.