Графит (нем. Graphit, грекче Gripho — «жазам») минерал, хим. элемент — көмүртек гексогоналдык сингониядагы кристаллдык модификациясы. Анын структурасындагы атомдор катмарлашкан тегиздиктерде жайгашкан. Бул тегиздиктер өз-ара байланышы начар, ошондуктан Г. жумшак келип колго жана кагазга жеңил жугат (карандаш катарында пайдаланылат). Өңү кара, металл сыяктуу жылтырайт. Электр тогун жакшы өткөрөт. К-тага туруктуу. Жаратылышта көп таралган, кристаллдык сланец менен жанар тоотектеринде көп кездешет. Техникада кокс менен чайырларды ысытуудан (2800°С) алынат. Газ түрүндөгү углеводородду колдонуп, жогорку темп-рада алынган Г. пирографит деп аталат. Г. металл эритүүчү тигелдерди, футеровка плиталарын, ысыткыч элементтерди жана электродду жасоодо колдонулат. Нейтрон сиңдиргич катарында ядролук реактордо пайдаланылат.

Графит.

Колдонулган адабияттар түзөтүү