Гурон, Хьюрон - Түндүк Америкадагы көл.

АКШ менен Канададан орун алган. Чоңдугу боюнча Улуу көлдөрдүн ичинен 2-орунда. Аянты 59,6 миң км2, тереңд. 208 м те чейин. Гурон дарыялар аркылуу Өйдөңкү, Мичиган, Эри жана Сент-Клер көлдөрү менен байланышат.

Көлгө бир нече майда суу куюп, Сент-Клер д. агып чыгат. Түндүк жээги бийик, аскалуу, түшүгү жапыз. Балыкка (форель, сиг, лещь, сом) бай.

Кеме жүрөт. Ири порттору: Сарния, Мидленд (Канада), Аллина (АКШ).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.