Гөтеборг

Швециядагы экинчи чоң шаар жана Вястра Гөталанд округунун борбору
Гётеборг‎»‎ барагынан багытталды)

Гөтеборг, Йөтеборг (швед. Göteborg  /jœte'bɔrj/) — Швециянын түштүкбатышындагы шаар. Гөта-Эльв дарыясы Каттегат кысыгына куйган жерде жайгашкан порт (жылына 25 млн т жүк ташылат). Гөтеборг-Бохус ленинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 454 миң (1997; шаар айланасы менен 700 миңден ашык). Өлкөдөгү чоңдугу боюнча 2-шаар. Швециянын Батыш Европага жана Атлантика океанына чыккан деңиз дарбазасы. Кеме, автомобиль куруу, подшипниктер, нефть ажыратуу, нефть-химиялык өнөр-жай ишканалары иштейт. Университет, чоң театр (1859), деңиз, сүрөт, археологиялык, этнография, тарых музейлери бар. 17-кылымдын башында негизделген. Собор (классицизм стилиндеги, 1802-15), форттор, ратуша (17-19-к.), Ост-Индия компаниясынын имараты (1740-жылдар чен) сакталган.

Шаар
Гөтеборг
швед. Göteborg
[[Файл:|300px]]
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Швеция

Облус түрү

Лени

Облус

Вестра-Гөталанд

Тарыхы жана Географиясы
Аянты

450

Калкы
Расмий тили

шведче

Калкынын саны

572 779 (2022)

Жыштыгы

1278,86 адам/км2

Сандык идентификаторлор
http://www.goteborg.se

Колдонулган адабияттар түзөтүү