Давид Фёдорович Ойстрах [17 (30). 9. 1908, Одесса – 24. 10. 1974, Амстердам, сөөгү Москвага коюлган] – советтик скрипач, дирижёр, педагог, СССР эл артисти (1953). Берлин искусство академиясынын корреспондент мүчөсү (Германия Демократиялык Республикасы, 1961), Кембриж университетинин доктору (1969), 1926-ж. Одесса музыкалык-драма институтун бүтүргөн, 1934жылдан Москва консерваториясында окутуучу, профессор (1939), 1950жылдан скрипка кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Бүткүл союздук (1935) жана Эл аралык (1935, 1937) конкурстардын лауреаты. Анын репертуарына скрипка үчүн классикалык жана заманбап музыкалар кирген. Д. Шостакович, С. Прокофьев, А. Хачатурян, Н. Мясковский ж. б. композиторлордун скрипка үчүн жазылган концерттеринин жана сонаталарынын тунгуч аткаруучусу. СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1943), Лениндик сыйлыгынын (1960) лауреаты. Эки Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү