Давид Рүэл (фран. David Ruelle; 1935-жыл 20-август, Гент, Белгия) — статистикалык физика жана динамикалык системдер теориясы жаатында эмгектенген белгиялык жана франциялык физик-математик.

Давид Рүэл (2009).

Өмүр таржымалы түзөтүү

Брюссел эркин университетинде окуган, Ph.D.-диссертациясын 1959-жылы жактаган. Кийин Цюрихтеги Швейцариянын жогорку техникалык мектебинде (1960-1963) жана Принстондогу алдыңкы изилдөөлөр институтунда (1962-1964) иштеген.

1964-жылы Франциядагы Жогорку илимий изилдөөлөр институтунун (IHÉS) профессору болгон. 2000-жылдан тарта IHES'тин эс алуудагы ардактуу профессору, Ратгер университетинин чакырылган чыгаан (англ. distinguished) профессору болгон.

1984-жылы Франциянын жарандыгын алган.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Д. Рүэл төмөнкү илимий изилдөөлөргө зор салым кошкон:

  • аксиомалык кванттык талаа теориясы;
  • статистикалык механика;
  • суюктук механикасы: Ф. Такенс менен бирге турбуленттин башаламан табияты гипотезасы тууралуу эмгектери; жат аттрактор тууралуу түшүнүккө киришүү;
  • башаламандык теориясы;
  • динамикалуу системдер теориясы: Синай - Рүэл - Боуен (SRB) ченеми.

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү