Дакка (бенг. ঢাকা) — Бангладеш Республикасынын борбор шаары (1971-жылдан). Дакка облусунун административдик борбору. Калкы 7,1 млн (2007; шаар айланасы менен).Ганга – Брахмапутра дарыясынын дельтасындагы дарыя порту. Эл аралык аэропорту бар. Нараянганж шаары менен агломерацияны түзөт (калкы 12,3 млн). Агломерациясында өлкөнүн негизги өнөр жайлары жайгашкан. Кебез, кездеме, жут, дары-дармек, булгаары буюмдар, бут кийим, электр-техника, электроника, тамак-аш (анын ичинде жемиш консервалары), металл иштетүү өнөр жайы, муслин кездемесин токуучу эски ишканасы иштейт. Бангладеш ИА (1973), жут илимий-изилдөө институту (1951), Бангладеш атом энергиясы боюнча комиссия (1973), Бенгалия академиясы (1972), эл аралык жана стратегия институту (1978), университет (1921), улуттук китепкана, Дакка музейи жана Балда музейи бар. Шаар катары биздин заманга чейин. 1-кылымдан белгилүү. 1608–1717- ж. Бенгалиянын, 1947–71-ж. Чыгыш Пакистандын административдик борбору. Лаи-Багх чеби, Биби Пари мавзолейи (1684), Сат Гумбад мечити (1680), 17-кылымдын эстелиги болгон Чоң Рынок жана башка сакталган. Даккага жакын тоют даярдоочу эң ири Саварда заводу иштейт. Жыл сайын китеп ярмаркасы өткөрүлүп турат.

Отурукташкан жай
Дакка
Өлкө Бангладеш
Координаттар 23°42′ с. ш. 90°22′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү VII кылым
Климатынын түрү 815,85
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 9 724 976 адам (2005)
Агломерация 16 560 000
Сандык идентификаторлор
Почта индекси 1000
Расмий сайты http://dhakacity.org/  (англ.)
Дакка (Бангладеш)


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан: энциклопедия