ДалласАКШнын түштүгүндөгү шаар (1856). Техас штатында. Тринити дарясынын боюнда. Калкы 1,2 млн (2007, агломерациясында 6,1 млн) Эл аралык аэропорту бар. АКШнын түштүгүнүн ири экономика-соода-финансы борбору жана жолдор тоому. Түштүк нефть-газ өнөр жайынын уюштуруу борбору. Ири авиа ракета-космос, радиоэлектроника, прибор куруу, нефть-газ өнөр жай үчүн жабдуу, тамак-аш, тигүү, полиграфия, кагаз, химия (самын жана жасалма жуучу каражаттар) өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, музей, театрлар бар. Далласта президент Ж. Кеннеди атылган (1963). Эл аралык конкурстар (органчылардын), ярмаркалар өткөрүлүп турат.

Даллас.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан: энциклопедия