Далмация

еуропадагы тарыхый аймак.

Далмация - (хорв. Dalmacija, итал. Dalmazia) азыркы Хорватия менен Черногория аянтында жайгашкан тарыхый аймак.

Далмация
хорв. Dalmacija

Көк –Хорватиядагы Далмация
Жашыл — Черногориядагы Котор көлчөсү.

Далмацияга байыркы кезде илирий уруулары: далматтар (областтын аты ушундан калган), либурндар ж. б. отурукташкан. 1-кылымда Римге провинция болуп, 6-кылымдан Византияга баш ийген. 9-кылымда далмат шаарлары Хорватия мамлекетине кирип, 12-кылымдын башында Венгрияга караган.

1420-1797-ж. Дубровникадан башкасы Венециянын бийлигине өтөт. 16-кылымда Далмациянын ички областын түрктөр басып алган. Кампоформий тынчтык келишими (1797) боюнча Далмация Австрияга берилген.

1918-ж. Австрия-Венгрия империясы кулагандан кийин Далмация (Задардан башкасы) Италия басып алган аралдар менен кошо серб, хорват жана словендер королдугуна (1929-жылдан Югославия) өткөн.

1941-ж. фашисттик агрессорлор Югославияны бытыратып бөлгөндө Далмация жалданма Хорват мамлекетине кошулган.

Далмацияны 1944-жылдын аягында Югославия элдик боштондук армиясы бошоткон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.