Даниялыктар, дандар (өздөрүн дан- скере деп аташат) – Даниянын негизги калкы. Швеция, Норвегия, Германия (Шлезвиг-Гольштейн жери), АКШ, Канада, Австралияда да жашашат. Саны 5,7 млн киши, анын ичинде 5,1 млну Данияда (2000). Даниялыктар дания (дан) тилинде сүйлөшөт. Даниялыктардын көпчүлүгү лютеран, калгандары протестант жана католик дининде. Даниялыктардын түпкү теги биздин заманга чейин 3-миң жылдыктын аягында Даниянын азыркы аймагына Скандинавия аралынан көчүп келишкен кимврлер, юттар, англдар, сакстар сыяктуу герман уруулары, 5–6-кылымда Түштүк Швециядан келген дан уруулары (өлкө ошолордун атынан Данмарк же дандар жери деп аталган) деген божомолдор бар. Алар фриздер, Балтика өндүрүндөгү славяндар менен аралашып, бир этноско биригип кеткен. Викингдердин үстөмдүгүнүн тушунда Даниялыктардын мамлекети пайда болуп, христиан динин кабыл алган. 10–11-кылымда бирдиктүү дания эли калыптанып, 19-кылымда улут болуп түзүлгөн. Негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балык уулоочулук менен кесиптенишет. Даниялыктарда байыртадан кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Темир жана жыгач устачылык, зергерчилик, карапачылык, кездеме жана килем токуу иштери өнүгүп, 19-кылымдын аягына чейин бетине көчөт түшүрүлгөн оймо-чиймелүү карапа жана металл буюмдары кеңири колдонулган. Эркектер кездеме токуп, жаныбарлардын турпатын жыгачтан жасашкан. Даниялыктардын көпчүлүгү шаарларда турушат. Улуттук кийимдери негизинен жүндөн токулат. Аялдар жеңдүү кофта, кенен тигилген узун юбка кийип, алжапкыч тагынышкан. Эркектер ак көйнөк, багалеги тизе ылдый шым, тизеден жогору жүн байпак, күрмө, улгайгандары кемсел, башына жүндөн токулган баш кийим же цилиндр (өтө бийик төбөлүү калпак) кийишкен. Тамак-ашы – эт, балык, сүт азыктары, анын ичинде күрүч, таруу, буудай, арпадан бышырылган ботко, фледегред (малина менен каймак аралаштырып жасалган буудай ботко), бутерброддун 700 түрү, маргарин кеңири колдонулат. Суусундук катары кофе, чай ичишет. Айыл жерлеринде дыйкандар арпадан пиво кайнатышат. Улуттук майрамдары – Ыйык Люсия (13-декабрь), Ыйык Кнюда (13-январь) жана башка.

Даниялыктар
Даниялыктар (1911-жыл)
Danskere
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 5 602 628[1]
2013-жылдагы маалымат боюнча
 Дания : 4 963 806
 АКШ: 1 430 897
 Канада: 170 780
 Бразилия: 140 000
 Австралия: 100 000
 Германия: 50 000
 Швеция: 42 602
 Испания: 8 944
Калып:Өлкө желеги/Гренландия: 6 500
 Жаңы Зеландия: 3 507
 Исландия: 2 802
 Фарер аралдары: 2 800
 Ирландия: 809

Тили

Данча

Дини

Лютерчилик (Христианчылык)

Расалык тиби

Европеоид

Тууган элдер

Шведдер

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан:энциклопедия
  1. Larsen, Dorthe Folketal. Danmarks Statestik. Текшерилген күнү 7 Апрель 2013.