Данияр Төрөкулович Үсөнов- Кыргыз Республикасынын коомдук ишмерлеринин бири.

Үсөнов Данияр Төрөкулович
кырг. Үсөнов Данияр Төрөкулович
Үсөнов Данияр Төрөкулович
Желек
Желек
Бишкек шаарынын мэри
Желек
Желек
Кыргызстандын биринчи вице-премьери
желек
желек
29.03.2007 — 30.03.2007
Желек
Желек
Кыргызстандын вице-премьер-министри
29.03.2005 — 06.02.2007
Желек
Желек
Кыргызстандын премьер-министр
21.10.2009 — 07.04.2010
 
Жарандыгы:  ССРС Кыргызстан Беларусь
 
Аскердик кызматы
Жарандыгы:  ССРС Кыргызстан Беларусь
Наамы: *

Өмүр таржымалы түзөтүү

1960-жылы 9-мартта Кыргыз ССРинин борбору Фрунзе (1991-жылдан баштап Бишкек) шаарында төрөлгөн. 1982-жылы Данияр Усенов Фрунзе политехникалык институтун "инженер электрик" кесибине ээ болуп аяктаган. Ал кыргыз, орус жана англис тилдерин билет.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Усенов Данияр үй-бүлөлүү, анын жубайы Гүлнара Шаршенбаевна Усенова (1968-жылы туулган). Массалык маалымат каражаттары эскерткендей ЖК нин төртүнчү чакырылыштагы депутаты. Саясатчынын 4 баласы бар. Алардын бирөө Марат Усенов Кыргыз "БТА Банкынын" директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Кызматы түзөтүү

Данияр Усенов 1984-жылдан баштап Кара-Балта шаарындагы борбордук уран кендерин кайра иштетүү боюнча Кыргыз тоо кен комбинатынын лабораториясында иштеген. 1984-жылга чейин Советтик Армиянын офицердик кызматында, Уралдык аскердик округунун штабында 73 байланыш түйүнүнүн радиоборбордун башкаруучусу болгон. Ал жакта 1990-жылга чейин өндүрүштү механизациялоо жана автоматизвциялоо боюнча инженери болуп эмгектенген. 1990-1992-жылдары Кара-Балта шаардык аткаруучу комитеттин жетекчисинин биринчи орун басары, шаардык администрациясынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенип келген. Ошол эле убакытта КУУнун юридикалык факультетинде кечки бөлүмүндө билим алып, 1992-жылы аяктаган. 1992-1993-жылдары Чүй областык Мамлекеттик администрациясы башкармасынын жардамчысы болгон. 1993-жылы Кыргыз-Британ инвестициялык компаниянын аткаруучу мүдүрдүн кызматына киришкен.

Коомдук ишмердиги түзөтүү

1995-жылы Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп шайланып, салык жана салык жыйноо маселеси комитетинин төрагасы болуп даярдалынат. ММКында партиялык ишмер деп да жазылат. 1998-жылы Усенов парламенттин депутаттарынын катарында бечаралар партиясына кирет. ("Бей-бечералар", лидери М.Эшимканов), партия аталышын Элдик партиясына өзгөртүп ("Эл" партиясы), саясатчы партиянын жетекчилеринин бири, аз убакыт өтпөй эле жалгыз лидери болуп прессада жазылат. 2005-жылы октябрь, ноябрь айларында биринчи вице-премьердин милдетин аткаруучу болуп кызматын аткара баштаган. 2006-жылы май айында ал кайрадан биринчи премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматына турган, ошол эле жылдын июнь айында Усенов биринчи вице премьер болгон. 2007-жылы 30-мартка чейин биринчи вице премьердин кызматында отурган да ошол эле жылы "Инексимбанктын" төрагасы болуп тандалат. 2007-жылы октябрь айында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болот, 14 ноябрда Бишкектин мэринин кызматына киришет. 2009-жылы январь айында президентин администрациясынын жетекчиси болот. 2009-жылы октябрда мамлекет башчысынын токтому боюнча мурунку жумушунан бошотулуп премьер-министрдин кызматына киришкен.

Cыйлыктары түзөтүү

2008-жылы коопсуздук коргоону жана укук тартиптери Академиясынын академиги болгон жана ошол Академия ага Россия жана Кыргызстан аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, достукту бекемдөөгө кошкон салымы жана сиңирген эмгеги үчүн атактуу Петр I даражадагы орденин тапшырган.