Датка - мансап даражасы. Бухара хандыгына чейин эле алгач фарс тилдүү мамлекеттерде кабыл алынган. Датка хан сарайында кызмат кылып, хандын кабыл алуу бөлмөсүндө иштеген жана ордого түшкөн арыздарды ханга жеткирип, арыз ээлерине кайра хандын жообун, чечимин билдирип турган. Кокон хандыгынын бийлик шатысында Датка мамлекеттик башкаруудагы кызмат орду боюнча тогузунчу орунда турган (парваначыдан кийин, бийден мурун). Хандын атайын чечими боюнча шариятты жакшы билген, жогорку медресени аяктаган адамдар даткалыкка дайындалган. Даткалык адегенде «чин» же кызмат орду эмес, даража катары каралса, кийинчерээк Кокон хандыгынын мамл. башкаруу аппаратында датка даражасын алган адамдар жүз башыдан вилайеттерге чейин башкаруу укугуна ээ болгон. Согуш убагында ээлеген кызматы боюнча жогорку аскердик чиндерге барабар эле. Айрым убакта даткалар атайы кызматтарда турбаса да, датка наамын сактап калган, бирок тукумуна мурас калтырууга акысы жок болгон. Кокон хандыгынын бийлигин сактап туруу максатында бул даража кыргыздардын беделдүү адамдарына, мисалы, Алайдан Алымбекке, Таластан Ажыбекке, Аксыдан Кедейбайга, Жумгалдан Медетке, аялдардан Курманжанга жана башка инсандарга берилген. 19-кылымда датка даражасы түндүк Кыргызстандын аймагында жогорку наамдардын бири болуп, хан казынасынан жылына 700 батман аштык жана 1000 дилде алууга акылуу болгон.

Курманжан Датка (1906).

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1