Девальвация (лат. de – төмөндөө, ылдыйлоо, жокко чыгаруу деген кыймыл-аракетти билдирүүчү койунду жана valeo – мааниге ээ болом, наркым) – улуттук валютанын расмий курсунун чет өлкөлүк валютага, ошондой эле эл аралык валюталык эсеп бирдигине (СДР, ЭКЮ, евро) карата төмөндөшү же алтын акча бирдигинин мыйзам чегинде (алтын стандартта) азайышы. Девальвация акча жүгүртүүнүн жана валюта курсунун турукташуу ыкмасы катары колдонулат. Алтын стандарттын алынгандыгына (1930) байланыштуу девальвация валюта саясаты катары пайдаланылат. Олку-солку валюта курсунун системасында девальвация импортту (жергиликтүү валютада) кымбатыраак, экспортту (арзаныраак) кылат, анын натыйжасында импорт кыскарып, экспорт өсөт да, төлөм балансынын тартыштыгы жоюлат. Белгиленген валюта курсу системасында девальвация административдик тартипте жүзөгө ашырылат. Ал төлөм балансындагы тең салмакка жетүүсү көп факторлор менен шартталган: 1) экспорт менен импорттун баанын өзгөрүшүнө кабылдагычтыгы; 2) экспортту көбөйтүү жана импортту алмаштыруу үчүн эркин ресурстардын болушу; 3) ички баалардын бир деңгээлде өсүү темпин же башка өлкөлөрдөгү инфляциядан төмөндөгөн темпти колдоо максатында инфляцияны көзөмөлдөө. Девальвация натыйжалуулугун көтөрүү максатында айрыкча өнүгүп жаткан өлкөлөр экспорт жана импорт боюнча жиктелген алымдарды жана субсидияларды пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1