Дезарг теоремасы - проекциялык геометриянын негизги теоремасы.

Бул теореманы франц. математик Ж. Дезарг ачкан. Дезарг теоремасы боюнча; эгер эки үч бурчтуктун дал келүүчү чокуларынан өтүүчү түз сызыктар бир чекитте кесилишсе, айда дал келүүчү кырларынын кесилиш чекиттери бир түз сызыкта жатат. Дезарг теоремасы проекциялык геометрияда өтө маанилүү роль ойнойт жана элементардык геометрияда коиструкциялык эсептерди чыгарууда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.