Дейксис (грек. deixis – көрсөтүү, шилтөө) – тилдик бирдиктердин мааниси же функциясы катары лексикалык жана грамматикалык каражаттар аркылуу берилген, туюнтулган аныктоо, көрсөтүү, шилтөө.

Дейксис лингвистикалык бирдик катары кеп кырдаалынын компоненттерин жана айтымдын (сүйлөмдүн) денотативдик мазмунунун компоненттерин актуалдаштыруу үчүн кызмат кылат жана кеп ишмердигинин катышуучуларын – айтуучу жана тыңдоочунун (адресантты жана адресатты), мезгилдик жана мейкиндик жайгашуусун көрсөтүү менен, кеп кырдаалына жараша ар түрдүү ат атоочтор, тактоочтор, полифункционалдык каражаттар аркылуу берилет (мен, сен, ал, ошол, бул, тигил, азыр, бул жерде, анан, эми, чейин, дейре ж.б.у.с.).

Дейксистик функцияны көпчүлүк учурда лексикалык бирдиктер, айрым бир грамматикалык категориялар аткарат. Алсак, жогоруда белгиленгендей, ат атоочтор, тактоочтордун лексикалык мааниси эле бир нерсени көрсөтүп, шилтеп турса, этиштин жак, чак категориялары, сылык түрдү туюнтуучу категория да белгилүү бир сөздү көрсөтүп турат. Дейксис табиятында тилдин универсалдык касиети, бирок анын түрлөрү, каражаттары, билдирүүнүн ыкмалары ар бир тилде ар башка болушу ыктымал. Кыргыз тилинде Дейксис катары, негизинен, ат атоочтор колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4