Декаданс (лат. decadentia – кедери кетүү) – 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башындагы адабият менен искусстводогу кризистик көрүнүштөрдүн жалпы аталышы. Термин 1830-жылдарда Францияда пайда болгон. Декаданс келип чыгышына буржуазия аң-сезимдин кризиске учурашы, көп художниктердин кескин социалдык карама-каршылыктар менен революциядан чоочуркашы, революциядан карандай ойрончул күчтү гана көрүшү себеп болгон. Декаденттер коомдук прогресс идеясын жана социалдык таптык күрөш түшүнүгүн четке кагып, саясий-граждандык темалардан баш тарткан. Декадент тик адабиятка негизинен ындыны өчкөндүк, турмуштан качуу, индивидуализмди көркөмдөө, мактоо, өлүмдү даңазалоо мүнөздүү. Декаданстик адабияттын мотивдери адегенде П. Верлен, А. Рембо (Франция) сыяктуу символист акындардын поэзиясында пайда болуп, Д. Г. Россети, Х. Хант (Англия), Ж. Пасколи, А. Ориани (Италия), М. Метерлинк (Бельгия), Р. М. Рильке (Австрия), Н. Минский, Д. Мережковский, З. Гиппиус (Россия) тарабынан өрчүтүлгөн. Россияда декаданс 1905–07-жылдагы революция жеңилгенден кийин күчөгөн. Орус адабияты менен искусствосунда реалист жазуучулар (Л. Н. Толстой, В. Г. Короленко, М. Горький), алдыңкы көз караштагы адабиятчылар менен сынчылар (В. В. Стасов, В. В. Воровский, Г. В. Плеханов) декаданске каршы күрөшкөн. Декаданс адабиятта символизм, көркөм сүрөт өнөрүндө абстракционизм, сюрреализм, музыкада конкреттүү музыка, додекафония, архитектурада модерн, брутализм сыяктуу формада көрүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан:энциклопедия