Демократия ( Гр. demos – эл, kratos – бийлик) – эл бийлигине негизделген саясий түзүлүштүн формасы. Демократияда эл бийликтин негизги булагы, аныктоочусу катары таанылат, мамлекеттик бийликтин негизги органдары шайланат, граждандардын тең укуктуулугу, чечимдерди кабыл алууда азчылыктын көпчүлүккө баш ийиши, азчылыктын укугунун корголушу жана башка камсыз болот. Демократиянын тарыхы байыркы батыш цивилизациясынын (өзгөчө грек жана рим) мезгилинен башталат. Батышта демократия түшүнүгү Байыркы Грециядагы шаар-мамлекеттердин өнүгүшү менен коштолот. Азыркы демократиянын калыптанышына жана бекемделишине адамдын табияттан берилүүчү жашоого, эркиндикке жана жеке менчикке болгон идеялары чоң түрткү болгон. Либералдуулукка негизделген азыркы демократия төмөнкүдөй принциптерди камтыйт: адам укугу жана аны мамлекеттин укугунан жогору коюу; эркин атаандаштык жана базар мамилелериндеги эркиндик, азчылыктын үстүнөн көпчүлүктүн бийлигин конституциялык жол менен чектөө; жеке ойго ээ болуу жана аны эркин айтуу боюнча азчылыктын укугун урматтоо жана башка. Либералдар жеке адамдын кызыкчылыгын жогору коюну көздөсө, демократияда тескерисинче эл бийлигин, атуулдардын саясий теңдигин, азчылыктын көпчүлүккө баш ийишин жогору коёт. Демократиянын ар кандай формалары жана институттары болушу мүмкүн. Бирок демократиянын талаптарына жооп берүүчү жалпы нормалары, баалуулуктары, принциптери бар. Алар биринчи кезекте адам укуктарын жогору коёт. Тең салмактуулукту кармап турган өз алдынча, бирок бири-бири менен байланыштуу болгон бийликтин 3 бутагы түзүлөт. Аларга мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлиги ыйгарылат. Демократиянын негизги принциптеринин бири – ар бир атуул мыйзам алдында бирдей жооптуу жана тең укуктуу. Маалымдуулук принциби – демократиянын алмаштыргыс шарты. Азырынча демократиянын принциптерин толугу менен ишке ашырган бир да өлкө жок.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Демократия - бул мыйзамдын чексиз бийлиги жана азчылыктын копчулуко баш ийиши жана азчылыктын укутарын сыйлоо деп аныкталат.


Караңыз түзөтүү

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)