Денудация - (лат. denudatio – сыйруу, ачып жайдактоо), тышкы күчтөрдүн таасиринен тоо тектердин үбөлөнүп талкалануу, төмөн шиленүү жана ойдуң жерлерге, түздүктөргө топтолуу процесси. Шамалдын, жаан-чачындын, агын суулар менен океан жана деңиздердин, муз жана мөңгүлөрдүн аракетинен жер бетиндеги тоо тектердин үстүнкү кабаттары тынымсыз талкаланып турат. Үбөлөнгөн тектер каптал ылдый кулайт, аларды нөшөр жамгыр шилеп агызат, шамал учурат, агын суулар эзет, эритет, майдалайт, мөңгүлөр жылган кезде жышылып, жылмаланат, деңиз толкуну өзү менен кошо ала келет. Талкаландылар түзөң жерлерге топтолуп, чөкмө тектердин катмарлары пайда болот. Бул процесстер климаттын өзгөрүшү жана тектоникалык кыймылдар менен тыгыз байланыштуу. Узак убакыт бою денудация болгон тоолуу жерлерде чокулар, кырлар талкаланып, төмөндөйт, дарыя өрөөндөрү, кокту-колот кеңейип, жер бетинин түзүлүшү өзгөрөт. Натыйжада майда дөңсөөлүү денудациялык түздүктөр пайда болот.

Денудация (Жанар тоолор‎: A => B => C).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1