Дефекация (заңдоо) — ичегиден заңды чыгаруучу татаал физиологиялык процесс. Д. процесси рефлекс жолу менен жүрөт. Көтөн чучуктун сфинктери жазылат да, шакекче булчуңдары жыйрылып, заң чыгат. Ага дем алууну кармоо, ич, боор эт жана жамбаштын булчуңдарынын чыңалуусу түрткү болот. Терс эмоциялар Д-га таасир этип, ич катат. ошондуктан күндө бир убакта заңдоо зарыл. Кээ бир терс эмоциялар (мисалы, абдан коркуу) эрксиз Д-га алып келиши да мүмкүн. Ич өткөндө Д. күчөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8