Дефектология – (лат. deаectus – кемчилик жана ...логия) майып жана кем акыл балдардын өсүшүнүн мыйзам ченемдерин жана өнүгүү өзгөчөлүктөрүн, аларды окутуу жана тарбиялоо маселелерин изилдөөчү илим тармагы. Дефектологиянын түрлөрү: сурдопедагогика – дүлөй , начар уккан балдарды тарбиялоо жана окутуу жолдорун, тифлопедагогика – сокур , көзү начар көргөн балдарды тарбиялоо жана окутуу маселелерин, олигофренопедагогика – акыл-эси кем балдарды тарбиялоо жана окутуу жолдорун, логопедия – балдардын сөзүндөгү кемчиликтерди оңдоо жолун изилдейт. Дефектология неврология, патофизиология, патопсихология, жалпы педагогикалык жана балдар психологиясы, электрфизиология, тил таануу жана башка илимдер менен байланыштуу. Кемтиктүү балдарды атайын адистер – дефектологдор окутат жана тарбиялайт. Аларды окуу жайлардын атайын факультеттери, Кыргызстанда И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы педагогика институту даяр дайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1