Деңиз — кургактыктын четинде жайгашкан, кээде аралдардын тизмеги, же суу астындагы көтөрүңкү жерлер м-н бөлүнгөн океандын бир бөлүгү. океандан Океан м-н кысык аркылуу байланышкан же океандын ачык бетинен шарттуу гана бөлүнгөн, суусунун гидрологиялык режими м-н айырмаланган суу массасы.

Жер ортолук деңиз.

Кээде океандын ачык, төрт тарабында тең кургактык же аралдар жок аймактары да деңиз деп шарттуу аталат. Мис., Атлантика океанындагы Саргасс деңизи (ал калкыма балырлардын көптүгү м-н өзгөчөлөнөт). Кээде туюк көлдөрдү да деңиз деп шарттуу аталат (мис., Каспий, Арал, Жансыз деңиздери). Кээ бир зор аянтты ээлеген, режими б-ча деңизден айырмасы жок океандын бөлүктөрү булуң деп аталат (мис., Мексика, Гудзон, Бенгал, Гвинея булуңдары). Жайгашуу абалына ж-а гидрологиялык режиминин өзгөчөлүктөрүнө жараша ички (Кара деңиз, Балтика деңизи), четки (Баренц, Лаптевдер, Беллинсгаузен), аралдар арасындагы (Ява, Банда, Сулавеси) ж-а материктер арасындагы (Жер Ортолук, Кызыл деңиздери) болуп бөлүнөт. Деңиз топоним катары да (мис., Казакстандагы Теңгиз көлү) кездешет.

Булактар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2