Деңиз агымдары - океан агымдары – океан менен деңиздерде суунун түрдүү күчтөрдүн (гравитациялык, сүрүлүү, ташкын пайда кылуучу) таасири астында бир тарапты багыттап жылышы. Алар Дүйнөлүк океандын суу режиминде жана деңизде сүзүүдө мааниси зор: суу алмашып аралашууга, жылуулуктун таралышына, материк жээктеринин калыптанышына, порттордун акваториясынын тайызданышына, калкыма муздардын таралышына, ошондой эле Жер шарынын айрым бөлүктөрүнүн климатына тийгизген таасири зор. Деңиз агымдары шамалдын таасиринен, суунун тыгыздыгы менен деңгээлинин айырмачылыгынан пайда болгон, байкалган мөөнөтү боюнча – туруктуу, убактылуу, мезгил-мезгили менен байкалуучу, жылына багытын эки жолу өзгөртүүчү (муссон шамалдарына байланыштуу); байкалган орду боюнча – үстүнкү, астынкы, тереңдиктеги жана түпкү агым; физика-химиялык касиеттери боюнча – жылуу (Гольфстрим, Куросио жана башка), муздак (Бенгал, Канар жана башка), бейтарап, туздуу жана мала туздуу; кыймылга келүү мүнөзү боюнча – түз сызыктуу, циклондук жана антициклондук жана башка агымдарга бөлүнөт. Деңиз агымдарынын багытына Жердин өз огунда айлануу күчү (Кариолис күчү) да таасирин тийгизет; түндүк жарым шарда оң тарапка, түштүктө сол тарапка ооп агат. Ошондой эле деңиз агымдарына жээк тилкесинин орун алышы жана суу түбүндөгү рельефтин түзүлүшү да таасир этет. Көп учурда деңиз агымдары океандарда жогоруда аталган факторлордун биринен гана эмес, көпчүлүгүнүн айкалышынан пайда болот.

Деңиз агымдары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1