Деңиз жээгиндеги Манчестер

"Деңиз жээгиндеги Манчестер" (англ. Manchester by the Sea, орус. Манчестер у моря) — 2016-жылы Америкада жарык көргөн драма. Сценарийдин автору жана режиссеру Кеннет Лонерган. Башкы ролдордо Кейси Аффлек, Мишель Уильямс, Кайл Чендлер жана Лукас Хежес. Тасмада маркум инисинин өспүрүм уулун караган чоң киши тууралуу баяндалат.

Тасманын бет ачары 2016-жылдын 23-январында Сандэнс кинофестивалында болгон. Андан кийин эле Amazon Studios тасманы жайылтууну өзүнө алган. Кинотасма 2016-жылдын 18-ноябрында чектелүү түрдө көрсөтүлүп, бир айдан кийин, 16-декабрдан тарта кеңири көрсөтүлө баштаган. 8.5 миллион доллар бюджет менен тартылган тасма дүйнө жүзү боюнча 75 млн доллар топтогон.

"Деңиз жээгиндеги Манчестер" жарык көрөөрү менен киносынчылардын оң баасын алган жана 2016-жылдын эң мыкты тасмаларынын бири деп табылган. Сынчылар Аффлектин жараткан образын жана Лонергандын режиссурасы менен сценарийин өзгөчө баалашкан. 89-Оскар аземинде тасма "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер", "Эң мыкты эркек актер" (Аффлек), "Экинчи пландагы эң мыкты эркек актер" (Хежес), "Экинчи пландагы эң мыкты актер аял" (Уильямс) жана "Эң мыкты сценарий" номинациялары боюнча көрсөтүлүп, "Эң мыкты сценарий" жана "Эң мыкты эркек актер" сыйлыктарына татыган. Фильм Алтын глобустун беш сыйлыгына дагы көрсөтүлүп, "Эң мыкты эркек актер" наамын утуп алган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү