Диагноз — оорулуунун абалы жана оору жөнүндө кыскача медициналык корутунду. Медицинанын атайын бөлүмү — диагностика иштеп чыккан методдун жардамы менен ооруңун белгилерин оорулуудан сурап билүү (к. Анамнез), ошондой эле оорулууну ар тараптан текшерүүнүн натыйжасында коюлат. Д-ду так коюунун оорулууну туура дарылоодо гана эмес, ошондой эле алдын алуу чараларын жүргүзүүдө да мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8