Диалектография, лингвистикалык географиядиалектологиянын бир бөлүгү. Диалектилердин таралыш аймагын изилдейт. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын баш ченинен улуттук атластардын түзүлүшүнө байланыштуу өнүгүп келатат. Россияда тилдик көрүнүштөрдү географиялык жактан изилдөө иши 19-кылымдын 2-жарымында башталган. Орус тилиндеги диалектография боюнча пландуу түрдө даярдалган туңгуч эмгек – «Орус диалектологиясынын очерки тиркелген орус тилинин диалектологиялык картасынын Европадагы тажрыйбасы» (1915), «Селигер көл аймагынын лингвистикалык атласы» (1949), «Орус элинин Москвадан Чыгышка чейинки борбордук областтарындагы говорлордун атласы» чыккан (1957).

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1