Диаметр (гр. diāmetros – туурасы) – 1) aйлананын (тегеректин) борбору аркылуу өтүүчү хорда. Айлананын диаметри бул хорданын узундугу деп да аталат. 2) Экинчи тартиптеги сызыктардын диаметри – параллель хордалардын ортосу аркылуу өтүүчү түз сызык. Хорданы тең экиге бөлүүчү диаметр хордага тутумдаш деп аталат. Эллипс жана гиперболанын диаметри ийринин борбору аркылуу өтөт. Өз ара перпендикулярдуу тутумдаш диаметр башкы диаметр делет. Параболанын диаметри анын симметрия огуна параллель. 3) Метрикалык мейкиндиктеги көптүктөрдүн диаметри – көптүк чекиттеринин арасындагы аралыктардын жогорку чеги.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1