Дивергенция (биология) (лат. divergo - ажыроо, бурулуу) – теги бир, бирок ар башка филетикалык жолдогу организмдердин белгилеринин ажырашы. Д. термини Ч. Дарвин тарабынан 1859-ж. киргизилген. Д. принцибин Ч. Дарвин организмдердин эволюциясында түрлөрдүн формаларынын көп түрдүүлүгүн түшүндүрүүдө колдонгон. Азыркы түшүнүк боюнча Д., дизруптивдик тандоонун жана обочолонуунун негизинде пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү