Диглоссия (ди... жана гр. glossa – тил) – коомдо бир эле мезгилде ар кандай функциялык чөйрөдө эки тилдин же бир тилдин эки формасынын жашашы. Мисалы, эки башка тилдин (мисалы, 18-кылымда Россиядагы ак сөөк чөйрөсүндө колдонулган орус жана француз тилдери) же бир эле тилдин эки формасынын жашашы (адабий тил – диалект; мисалы, классикалык араб тили жана жергиликтүү араб диалектилери).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1