Динамометр (гр. denamis – күч жана ...метр) – күч ченегич; күчтү же моментти өлчөгүч курал. Ал күч звеносунан (серпилгич элементтен) жана саноочу түзүлүштөн турат. Динамометр иштөө принциби боюнча механикалык (пружиналуу же рычагдуу), гидравликалык жана электрдик; арналышына жараша үлгү жана жумушчу болуп бөлүнөт. Үлгү динамометр иштөөчү динамометрди текшерүүдө жана шкаласын градустарга бөлүүдө, түрдүү материалдар менен буюмдардын механикалык касиеттерин сыноодо, ал эми иштөөчү динамометр жалпы жана атайын максат үчүн колдонулат. Жалпы максаттагы динамометр менен трактор, сүйрөгүч, локомотив жана башкалардын тартуу күчү өлчөнөт. Атайын максаттагы динамометр аба жана гидравликалык винттердин тартуу күчүн, толгоо учурун, токтотуучу жана кесүүчү күчтөрдү өлчөөдө пайдаланылат. Күчтүн өлчөмүн жаза турган түзүлүшү бар динамометр – динамограф, ал эми санды же көрсөткүч түзүлүшү бар динамометр жумуш өлчөгүч деп аталат. Деформацияны электр сигналына өзгөртүүчү билдиргичтен жана сигналды күчөтүп жаза турган прибордон түзүлгөн электрдик динамометр иш жүзүндө көп колдонулат. Медицинада динамометр адамдын ар түрдүү булчуң күчтөрүн өлчөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1