Динишев Алибек (30. 7. 1951-ж. туулган, Алматы) – казак опера ырчысы, Казак эл артисти (1981), СССР эл артисти (1986). 1970-ж. Алматы музыкалык окуу жайын, 1976-ж. Алматы консерваториясын (азыркы Казак улуттук консерваториясы) бүтүргөн. 1976–79-ж. Казак опера жана балет театрында иштеп, Ленскийдин (П. И. Чайковский, «Евгений Онегин»), Владимирдин (А. П. Бородин, «Князь Игорь»), Айдардын (А. Жубанов, Л. Хамиди, «Абай»), Төлөгөндүн (Е. Г. Брусиловский, «Кыз Жибек»), Санаттын (Е. Рахмадиев, «Дың тууралуу ыр») жана Косаевдин (Г. Жубанова, «Жыйырма сегиз») жана башка партияларды аткарган. Кыргызстанга бир нече ирет келип, концерт берген. Репертуарында эл ырлары да кеңири орун алган. Динишев – Бүткүл союздук комсомол сыйлыгынын (1979), профессионал ырчылардын М. И. Глинка атындагы эл аралык конкурсунун (Цвиккау, 1977), Рио-де Жанейродо өткөн эл аралык кароонун (Бразилия, 1979) лауреаты. 1997-ж. «Алибек Динишев театрын жана вокал академиясын» уюштуруп, аны жетектөөдө. 1998-ж. бул театрда вокалисттердин 1-эл аралык кароо-конкурсу өткөн. «Парасат» ордени менен сыйланган (1996).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1