Диод [ди... жана (электр)од] – бир тарапка гана ток өткөрүүчү эки электроддуу прибор. Анын электр-вакуумдуу (кенотрон), жарым өткөргүчтүү же газ разряддуу (иондуу) түрү бар. Вакуумдуу же иондуу диоддун электроддору: катод – электрондордун булагы, анод – электрондорду кабыл алгыч. Мында аноддун потенциалы катодго караганда оң болгондо гана электрондор катоддон анодду карай өтүп, электр тогу пайда болот, эгер терс болсо, электрондор андан түртүлүп, электр тизмеги боюнча ток жүрбөйт. Диод радиотехникада, электроникада, энергетикада өзгөрмө токту түзөтүү, детекторлоо, жыштыкты өзгөртүү жана көбөйтүү, электр тизмектерин алмаштырып туташтырууда колдонулат.

Кызыктуу далилдер түзөтүү

Жарым өткөргүч технологиянын өнүгүшүнүн биринчи он жылдыктарында диоддорду чыгаруунун тактыгы ушунчалык төмөн болгондуктан, буга чейин чыгарылган шаймандарды "иреттөө" керек болчу.[1]

Кошумча маалыматтар түзөтүү

  1. Диоддор жөнүндө кызыктуу фактылар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1