Диопcид (ди... жана гр. оpsis – түр) – пироксендер тобундагы минерал ; кальций менен магнийдин метасиликаты. Химиялык формуласы CaMg[Si2O6]. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү боз, бозомук жашыл. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5,5–6. С. салмагы 3,2–3,38. Диопcид ар кандай формадагы бүр түкчөлөр түрүндө габбродо, диабазда, диоритте, сиенитте, контакт скарндарында жана башка магмалык жана метаморфизмделген тоо тектерде болот. Диопсид – тоотек түзүүчү минерал.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1