Дифференциация (франц. différenciation лат. differentia – айрымалуулук, ажыратуучулук) – өнүгүп – өсүүдөгү бүтүндүктү бөлүктөргө, баскычтарга, деңгээлдерге ажыратуу, бөлүү менен байланышкан өсүү процессинин тараптары.

Дифференциация функционалдык жана структуралык деп бөлүнүп, биринчисинде өсүп – өнүгүүдөгү системалардын элементтери аткарган функциялардын чөйрөсү кеңейсе, экинчисинде системада тигил же бул функцияларды аткаруучу подсистемалар бөлүнүп чыгат.

«Дифференциация» термини илимде Дифференциация менен интеграцияны материянын биологиялык, психологиялык жана социалдык деңгээлдерде жөнөкөйдөн татаалга өтүү эволюциясындагы негизги моменттер катары караган Спенсерден баштап кеңири колдонула баштаган.

Дифференциациянын натыйжасы ажыраган бөлүктөрдүн толук автономдуулуулугу да жана интеграция процесстери аркылуу алардын жаңы байланышын түзүү да б. а. Системаны татаалдаштыруу да болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8