Диффузия – заттар теңдештик системадагы концентрацияларынын айырмалуулугунан чыккан кыймыл. Атом жана мол-лар жылуулук кыймылынан же фазалардагы кээ бир өзгөрүүлөр молекулярдык Д., ал эми агымдын баш аламан кыймылынан турбуленттик диффузия келип чыгат. Газ, суюктук, катуу заттар Д. өлчөмү ар түрдүү, себеби бөлүкчөлөр кыймылы берилген фазаларда айырмаланат. Д. ылдамдыгы газдарда t =20 оC, P =760 сым.мам. мм, 10-4 м2/с, суюктуктарда 10-9 м2/с, катуу заттарда 10-12 м2/с. Катуу жана суюк заттарда массалар, жылуулук берилиши молекулярдык Д. менен аныкталат. Көлөмдө темп-ралык градиент болсо, термодиффузия, басым айырмасы же гравитациялык талаанын таасири менен шартталса - бародиффузия; электр талаасынын таасири менен электрдик Д. орун алат. Адсорбция, кургатуу, экстракция, мембраналык процесстерде Д. ылдамдыкты аныктоочу негизги физ-лык шарттардын бири.

  • Белгиленген тизме бирдиги

Колдонулган адабияттар түзөтүү