"Доктур Стрэнж" (англ. Doctor Strange, орус. Доктор Стрэндж) - "Marvel Comics" каарманына негизделип 2016-жылы тартылган америкалык супер баатырдык тасма. Тасмага режиссёрлук кылган Скотт Дериксон, Жон Спейс жана С.Роберт Киргил менен биргеликте тасманын сценарийин жазышкан. Тасмага тартылгандар: Бенедик Камбэрбетч, Чиветел Эжиофор, Рэйчел Макадамс, Бенедик Воң, Майкл Штулберг, Бенжамин Брет, Скот Адкинс, Мадс Миккелсен жана Тилда Суинтон. Тасма автокырсыкка кабылган хирург Стефен Стрэнждин сыйкырдуу күчтөргө ээ болгону тууралуу баяндайт.

"Доктур Стрэнж" алгачкы жолу 2016-жылы, 13-октябрда Гонг-Конг шаарында көрсөтүлгөн жана Кошмо Штаттарда 3D жана IMAX 3D форматтарында 4-ноябрда жайылтылган. Тасма дүйнө жүзү боюнча 677 миллион АКШ долларын табуу менен киносынчыларынын жакшы сын-пикирлерине ээ болгон. Ошондой эле тасма "Оскар" сыйлыгынын "Мыкты визуалдык эффект" наамына көрсөтүлгөн.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү