Долгандар - Россия Федерациясынын Таймыр аймагында (Дол- ган-Ненец) жашаган түрк тилдүү этнос. Өздөрүнүн долган, тыскихи, саха деп аташат. Калктын саны 6 миң чамалуу. Чоң моңгол расасынын түндүк азиялык бутагына киришет. Түрк тилдеринин генеалогиялык жиктешүүсүндө уйгур-огуз тобунун якут бутагында сүйлөшөт. Теги жагынан саха-якуттарга жакын. XIX к. баш чендеринде өз алдынча этнос катары калыптана баштаган. Долгандар саха-якуттар сыяктуу эле энесайлык кыргыздардан чыгышта жашаган, түндүккө журт которгон курыкандардын тукумдары болушат. Салттуу чарбачылыгы аңчылык, балык кармоо, бугучулук менен байланышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү