Домраорустун байыркы кылдуу чертме музыкалык аспабы. Плектр (медиатор) менен чертилет. Элдик музыканттар – скоморохтор анын ар кандай көлөмдөгү көп түрүн (домришка, домра, бас домра) жасашкан. 18-кылымдын 2-жарымынан музыкада колдонула баштайт. 1896–1900-ж. В. В. Андреевдин демилгеси боюнча 3 кылдуу Домранын пикколо, прима, альт, тенор, бас, контрабас деген түрлөрү өркүндөтүлүп, балалайкачылар ансамблинин курамына киргизилген. 1908–17-ж. П. Г. Любимов менен С. Ф. Буров 1-жолу квинтага күүлөнүүчү 4 кылдуу домра жасап, анын оркестрлик түрлөрүн (узундугу 445–1550 мм) жаратышкан. Азыр өркүндөтүлгөн (пикколо, тенор, альт, бас, контрабас) 3–4 кылдуу домра орус эл аспаптар оркестрлеринде ойнолот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1